Загрузка документа…
НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясынын
2021-жылдын 24-июну № 2/2
Назаралиев айыл аймагынын башчысы Т.Эркиновдун жүргүзгөн иштери тууралуу 6 (алты айлык) отчету жөнүндө.
Назаралиев айыл аймагынын башчысы Т.Эркиновдун жүргүзгөн иштери тууралуу 6 (алты айлык) отчету жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап Назаралиев айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Назаралиев айыл аймагынын башчысы Т.Эркиновдун жүргүзгөн иштери тууралуу 6 (алты айлык) отчету эскертуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана эскертүүлөрүн берүү жагы айылдык кеңештин мыйзам боюнча комитетинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин ушул токтому Назаралиев айыл аймагынын uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
4.Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы У.Ороскуловго жүктөлсүн.
5. Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин ушул токтому Назаралиев айыл аймагынын uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Токторбеков. |
|