Загрузка документа…
НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясынын
2021-жылдын 24-июну № 2/5
Таза-Суу коомдук бирикмесинин 6 (алты) айлык отчетун угуу жөнүндө
Таза-Суу коомдук бирикмесинин башчысы Д.Алымкуловдун 6 (алты) айлык отчету жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап Назаралиев айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Таза-Суу коомдук бирикмесинин 6 (алты) айлык отчетун кемчилдиктери менен канааттандыралык деп табылып Таза-Суу түтүктөрүн үйлөргө киргизүү убактылуу токтотулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Т.Эркиновго милдеттендирилсин.
3. Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин ушул токтому Назаралиев айыл аймагынын uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы У.Ороскуловго жүктөлсүн.
5. Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин ушул токтому Назаралиев айыл аймагынын uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Токторбеков. |