Загрузка документа…
НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясынын
2021-жылдын 24-июну № 2/6
Таза-Үч-Коргон муниципалдык ишканасынын 6 (алты) айлык отчетун угуу жөнүндө.
Таза-Үч-Коргон муниципалдык ишканасынын башчысы Б.Туташевдин 6 (алты) айлык отчету жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап Назаралиев айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Таза-Уч-Коргон муниципалдык ишканасынын 6 (алты) айлык отчетун эскертүү менен канаатандыраарлык деп табылып, 2020-жылдагы субсидиянын отчетун бир жуманын ичинде айыл өкмөттүн бухгалтерине тапшырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы боюнча аткарыла турган иштер айыл өкмөттүн башчысы Т.Эркиновго милдеттендирилсин жана көзөмөлдөө жагын төраганын орун басары З.Нармырзаевага жүктөлсүн.
3. Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин ушул токтому Назаралиев айыл аймагынын uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы У.Ороскуловго жүктөлсүн.
5. Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин ушул токтому Назаралиев айыл аймагынын uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Токторбеков. |