НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 2-сессиясынын
2021-жылдын 24-июну № 2/7(А)
Жыл-Кол айылынын Тай-Казан участкасында жайгашкан 0,95 Га жерди социалдык жактан муктаж адамдарга турак жай курууга берүү жагын кароо жөнүндө.
Жыл-Кол айылынын Тай-Казан участкасында жайгашкан 0,95 Га жерди социалдык жактан муктаж адамдарга турак жай курууга берүү жагын кароо жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап Назаралиев айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 2-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Жыл-Кол айылындагы 0,95 Га талашта турган жер аянты айыл өкмөттүн балансына өткөрүлүп социалдык жактан муктаж адамдарга турак жай салуу үчүн трансформациялоо жагын тиешелуу мекемелерден сурап аткаруу жагы Ө.Тыналиевге жүктөлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчы Т.Эркиновго жана айылдык кеңештин мыйзам боюнча комитетинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин ушул токтому Назаралиев айыл аймагынын uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы У.Ороскуловго жүктөлсүн.
5. Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин ушул токтому Назаралиев айыл аймагынын uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Токторбеков. |
|