Загрузка документа…
НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 22-сессиясынын
2021-жылдын 30-январы № 22/1
Назаралиев айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө.
ФЭБ башчы Ж.Кубанычбековдун бюджеттин аткарылышы жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап Назаралиев айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 22-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Назаралиев айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бюджетинин аткарылышы “кемчилдиктери менен канааттандырарлык” деп белгиленсин.
2. Кетирилген кемчилдиктерди өз убагында жоюу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Эркиновго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орунбасары Т.Абдыллаевага жүктөлсүн.
4. Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы У.Ороскуловго жүктөлсүн.
6. Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Р.Турдиев. |
|