Загрузка документа…
НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 22-сессиясынын
2021-жылдын 30-январы № 22/2
Үч-Коргон айыл Өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин аткарылышын кабыл алуу, 2021-жылга бюджетин жана 2022-2023-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө.
ФЭБ башчы Ж.Кубанычбековдун маалыматын угуп жана талкуулап Назаралиев айылдык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги 22-сессиясы
ТОКТОМКЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл Өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин аткарылышы жыл башындагы пландан сырткары алымча кошумча уводемлениелер менен
канааттандырарлык деп табылып, 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Үч-Коргон айыл Өкмөтүнүн 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү ,өздүк бекитилген киреше 12585,2 ( он эки миллион беш жүз сексен беш мин эки жүз ) сом, Трансферттер 10204,5 ( он миллион эки жүз төрт мин беш ) сом, ата-энелер төлөмү 884,4 ( сегиз жуз сексен торт мин ) сом, атайын каражаттан тушуучу киреше 289,4 ( эки жүз сексен тогуз төрт жүз ) сом, жайыт жерлеринин ижарасынан түшүүчү 30 (отуз мин ) сом жалпысы болуп 22789,7 ( жыйырма эки миллион жети жүз сексен тогуз мин жети жүз) сом суммасында№2 тиркемеге негиз бекитилсин.
3. Жайыт жерлеринин ижарасынан түшүүчү 30,0 ( отуз мин ) сом сумма Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесинин 3-пунктуна негиз үчтөн бир бөлүгү 10 ( он миӊ ) сом айыл өкмөтүнүн бюджетине ал эми калган 20 (жыйырма миӊ ) сом 704-Бөлүмүнүн 2215-статьясына чегерилсин
4. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2021-2022-жылдардын болжолдуу долбоорунун бюджетинин Өздүк бекитилген киреше жана трансферттеринин көлөмү №3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Үч-Коргон айыл Өкмөтүнүн 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү №4,5,6,7,8,9,10-тиркемелерге ылайык 22789,7 ( жыйырма эки миллион жети жүз сексен тогуз мин жети жүз ) сом менен бекитилсин.
6. Айыл Өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар-бир түрлөрү боюнча аткарууну салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
7. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн1 пайызга чейинки же болбосо 227 ( эки жуз жыйырма жети мин ) сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин110- беренесине негиз 01.01.2020 жылдын башына калган калдыктын эсебинен накталай кассалык жүгүртүүнүн көлөмү 350,0 ( үч жүз элүү миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
9. Жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча жана жыл ичинде болгон өзгөртүүлөр боюнча айылдык кеңешке билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Кубанычбековго милдеттендирилсин.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча комитетинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
11. Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
12. .Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы У.Ороскуловго жүктөлсүн.
13. Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Р.Турдиев. |
|