Загрузка документа…
НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 22-сессиясынын
2021-жылдын 30 январы № 22/3
Айыл өкмөттүн аталышын тарыхый калыбына келтирүү жөнүндө.
Айыл өкмөттүн орун басары Р.Бабоназаровдун маалыматын угуп жана маселени талкуулап Назаралиев айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 22-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Ш.Назаралиев айыл өкмөтүнүн аталышы кайрадан “Үч-Коргон “тарыхый атына алмаштырылсын.
2.Бул токтомду карап берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы боюнча аткарыла турган иштер айыл өкмөттүн башчысы Т.Эркиновго милдеттендирилсин жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
4. Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
5.Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы У.Ороскуловго жүктөлсүн.
6. Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Р.Турдиев. |