Загрузка документа…
НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 22-сессиясынын
2021-жылдын 30-январы № 22/4(А)
Аймактык оорукананын короосунда жайгашкан аптеканынын келишимин кайра кароо жөнүндө.
Мыйзам комитетинин мүчөсү Э.Турдалиевдин маалыматын угуп жана маселени талкуулап Назаралиев айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 22-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Р.Батырбеков атындагы оорукананын короосуна курулуш курууга мүмкүн болбогондуктан келишимдин мөөнөтүн узартууга болбойт деп белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Т.Эркиновго милдетендирилсин.
3. Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын
4.Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы У.Ороскуловго жүктөлсүн.
5. Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Р.Турдиев. |