Загрузка документа…
НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 22-сессиясынын
2021-жылдын 30-январы № 22/4(Б)
Назаралиев айыл өкмөтүнүн 2021-жылга ижарага берилүүчү Мамлекеттик фонддун жерлерин мөөнөтүн жана баштапкы баасын бекитүү жөнүндө.
Агро комитетинин мүчөсү Р.Анакеевдин маалыматын угуп жана маселени талкуулап Назаралиев айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги 22-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Ш.Назаралиев айыл өкмөтүнүн Малекеттик фонд жерлерине аукцион өткөрүүдө ижарага берилүүчү жерлердин мөөнөтү 3 жыл Ал эми баштапкы баалары Суулу жерге – 10000 (он мин) сом Жар астындагы сууулу жерлерди – 7000 (жети мин) сом,УОС т/з – 7000 (жети мин) сомУОС ж/з 1000 (мин сом) сом, жар астындагы суу уруп бузуп кеткен арыкты ондоп түзөгөндүг үчүн ушул жумушту аткарган адамга жер аянты 3 жылдык мөөнөткө баштапкы баанын 50 % пайызында ижарага беруу жагы бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы боюнча аткарыла турган иштер айыл өкмөттүн башчысы Т.Эркиновго милдеттендирилсин жана көзөмөлдөө жагын Агро комитетинин төрагасы К.Аспердиевге жүктөлсүн.
3. Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
4.Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы У.Ороскуловго жүктөлсүн.
5.Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Р.Турдиев. |