Загрузка документа…
НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 21-сессиясынын
2020-жылдын 15-декабры № 21/2
Назарлиев айыл аймагындагы социалдык обьектилеринин кыш мезгилине карата даярдыгынын абалы жөнүндө
Жогорудагы маселени угуп жана талкуулап Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 21-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Назарлиев айыл өкмөтүндөгү социалдык обьектилеринин кыш мезгилине карата даярдыгынын абалы боюнча аткарылган иштер “канааттандырарлык” деп белгиленсин.
2. Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы У.Ороскуловго жүктөлсүн.
4. Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Р.Турдиев |