Загрузка документа…
НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 21-сессиясынын
2020-жылдын 15-декабры № 21/4(Д)
ОсОО “Бийкомпакт" менен түзүлгөн келишимге өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жогорудагы төртүнчү маселени угуп жана талкуулап Назаралиев айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги 21-сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.ОсОО “Бийкомпакт" 2019-2020-жылдарга түзүлгөн келишимдин негизинде ижара акыларын толук төлогөндөн кийин , ижарага пайдалануу келишимине өзгөртүү киргизүүгө (62 га жеринин ижара келишими 16,67 га) макулдук берилсин.
2. .Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орунбасары Т.Абдыллаевага жүктөлсүн.
3. Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webnode.ru – веб сайтына жарыялансын.
4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы У.Ороскуловго жүктөлсүн.
Төрага | Р.Турдиев |