КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-июлундагы № 432 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 22-октябры № 577
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу соттук экспертизалардын мамлекеттик борбору жөнүндө
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу соттук экспертизалардын мамлекеттик борбору жөнүндө жобо бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 30-апрелиндеги № 243 «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук экспертизанын мамлекеттик борбору жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |