Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-сентябры № 140/30-XXVII
«Аламудун районунун Ленин айыл аймагынын Мыкан айылындагы суу топтоочу мунараны алмаштыруу жана суу жеткирүүчү насостук станциянын имаратын оңдоп түзөө боюнча «Ар бир үйгө таза суу» долбоорун бекитүү жөнүндө»
Ленин айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу боюнча жетектөөчү адиси, «Аламудун районунун Ленин айыл аймагынын Мыкан айылындагы суу топтоочу мунараны алмаштыруу жана суу жеткирүүчү насостук станциянын имаратын оңдоп түзөө боюнча - «Ар бир үйгө таза суу» долбоорунун демилгечи тобунун жетекчиси (Т.М.Надырованын) маалыматын угуп, Ленин айыл аймагынын 2019-2020-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн бекитилген программасына ылайык, калктын жергиликтүү чарба-тиричилик маселелерин чечүү максатында Ленин айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«Аламудун районунун Ленин айыл аймагынын Мыкан айылындагы суу топтоочу мунараны алмаштыруу жана суу жеткирүүчү насостук станциянын имаратын оңдоп түзөө боюнча «Ар бир үйгө таза суу» долбоору төмөнкү бюджетке ылайык бекитилсин:
- Долбоордун жалпы суммасы - 2211,684 миң сом
- Жергиликтүү бюджеттен алынуучу суммасы
(грантын жалпы суммасынын 20% ашпаган) - 442336,8миң сом.
2. Мониторинг жана баалоо жүргүзүү үчүн төмөнкү курамдагы жумушчу топтун курамы бекитилсин:
Т.М. Надырова – топтун жетекчиси (Ленин айыл өкмөтүнүн
инвестиция тартуу боюнча адиси);
Г.А.Араева – Мыкан айылынын тургуну коомдук ишмер;
Л.А.Капсамун – Ленин айылдык кенешинин депутаты;
К.И. Клименко – Ленин айыл өкмөтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектөөчү адиси;
С.Д.Токмергенов – Мыкан айылынын башчысы
А.И.Баленко – Мыкан айылын квартал комитети.
3.Ленин айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу боюнча жетектөөчү адиси (Т.М.Надырова)
-Ленин айыл аймагынын Мыкан айылындагы суу топтоочу мунараны алмаштыруу жана суу жеткирүүчү насостук станциянын имаратын оңдоп түзөө боюнча Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун өнүктүрүү фондунан инвестиция тартуу максатында, долбоорду иштеп чыгуу боюнча чараларды көрсүн.
- облустук долбоорлор боюнча сынак комиссиясына өз учурунда долбоорду даярдап тапшырууну камсыз кылсын.
4. Ленин айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы (Г.А.Мурзакулова) Ленин айыл аймагынын Мыкан айылындагы суу топтоочу мунараны алмаштыруу жана суу жеткирүүчү насостук станциянын имаратын оңдоп түзөө боюнча «Ар бир үйгө таза суу» долбоорун биргелешип каржылоого долбоордун жалпы суммасынын 20% акча каражатын жергиликтүү бюджеттен караштырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы К.С. Бековага жүктөлсүн.
Ленин айылдык Кеңешинин төрага: | А. Шевченко |