Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-ноябры № 140/30-XXVII
«Аламудун районунун Ленин айыл аймагынын Ленин айылындагы Юбилейная көчөсүнө балдар ойноочу спорттук аянтчанын курулушу боюнча «Балдар – жашоо гүлдүрө» долбоорун бекитүү жөнүндө»
Ленин айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу боюнча жетектөөчү адиси, Ленин айыл аймагынын жергиликтүү аймакты өнүктүрүү боюнча стратегиялык долбоорлорду жана инвестициялык план иштеп чыгуу демилгечи тобунун жетекчиси (Т.М.Надырованын) маалыматын угуп, Ленин айыл аймагынын 2019-2020-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн бекитилген программасына ылайык, калктын жергиликтүү чарба-тиричилик маселелерин чечүү максатында Ленин айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Аламудун районунун Ленин айыл аймагынын Ленин айылындагы Юбилейная көчөсүнө балдар ойноочу спорттук аянтчанын курулушу боюнча «Балдар – жашоо гүлдөрү» долбоору төмөнкү бюджетке ылайык бекитилсин:
Долбоордун жалпы суммасы - 884,286 миң сом
Жергиликтүү бюджеттен алынуучу суммасы
(грантын жалпы суммасынын 20% ашпаган) - 176,857 миң сом.
2. Мониторинг жана баалоо жүргүзүү үчүн төмөнкү курамдагы жумушчу топтун курамы бекитилсин:
Т.М. Надырова – топтун жетекчиси (Ленин айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу боюнча адиси);
Г.Н.Семирнова – АКБ инспектору;
Г.М.Досалиева – Ленин айылдык кенешинин депутаты;
Исмаилова А.Ж. – Ленин айылдык кенешинин депутаты;
Еремеев А.В. – Ленин айылдык кенешинин депутаты;
С.Д.Токмергенов – Ленин, а/а Аксакалдар сотунун мүчөсү;
А.И.Баленко – Ленин, а/а Аксакалдар сотунун мүчөсү;
А.Т. Абдыкадырова – Ленин айылынын тургуну коомдук ишмер
3. Ленин айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу боюнча жетектөөчү адиси (Т.М.Надырова)
Ленин айыл аймагынын Ленин айылындагы Юбилейная көчөсүнө балдар ойноочу спорттук аянтчанын курулушу боюнча «Балдар – жашоо гүлдүрө» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун өнүктүрүү фондунан инвестиция тартуу максатында, долбоорду иштеп чыгуу боюнча чараларды көрсүн;
облустук долбоорлор боюнча сынак комиссиясына өз учурунда долбоорду даярдап тапшырууну камсыз кылсын.
4. Ленин айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы (Г.А.Мурзакулова) Ленин айыл аймагынын Ленин айылындагы Юбилейная көчөсүнө балдар ойноочу спорттук аянтчанын курулушу боюнча «Балдар – жашоо гүлдүрө» долбоору боюнча биргелешип каржылоого долбоордун жалпы суммасынын 20% акча каражатын жергиликтүү бюджеттен караштырсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы К.С. Бековага жүктөлсүн.
Ленин айылдык Кеңешинин төрага: | А. Шевченко |