Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 2-ноябры № 143/31-XXVII
«Аламүдүн районунун Ленин айылдык аймагынын Мыкан айылындагы орто жалпы билим берүү мектебин» курулушу боюнча техника экономикалык негизин бекитүү жөнүндө»
Ленин айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу боюнча жетектөөчү адиси, «Аламүдүн районунун Ленин айылдык аймагынын Мыкан айылындагы орто жалпы билим берүү мектебин» курулушу боюнча техника экономикалык негизин иштеп чыгуучу демилгечи топтун жетекчиси (Т.М.Надырованын) сунушталган долбоор боюнча кыскача маалыматын угуп, ЖӨБО потенциалын жогорулатуу жана жергиликтүү калктын жашоо шартын жакшыртуу максатында Ленин айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Аламудун районунун Ленин айыл аймагынын Мыкан айылындагы орто жалпы билим берүү мектебин» курулушу боюнча сунушталган техника экономикалык негизин боюнча долбоор бекитилсин.
2. Ленин айыл өкмөтүнүн инвестиция тартуу боюнча жетектөөчү адиси (Т.М.Надырова) сунушталган техника экономикалык негизи боюнча долбоордун ишке ашырылышын камсыз кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы К.С. Бековага жүктөлсүн.
Ленин айылдык Кеңешинин төрага: | А. Шевченко |