Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 16-декабры № 144/32-XXVII
Салык төлөөчүлөргө ижара акысын төмөндөтүү жана айрым учурда ижара акысынан бошотуу жөнүндө»
Ленин айыл өкмөтүнүн киреше боюнча башкы адиси Ирина Викторовна Фоменконун «Ак-Жол Автодорожный» КӨП реконструкция болуп жаткандыгына жана COVID-19 пандемиясы менен түзүлгөн кырдаалга байланыштуу «Ак-Жол» таможня постуна жакын жайгашкан салык төлөөчүлөрдүн ижара акысын төмөндөтүү, айрым учурда бошотуу боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Ленин айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы (Г.А.Мурзакулова) «Ак-Жол» таможня постуна жакын жайгашкан салык төлөөчүлөрдүн ижара акысын төмөндөтүү, айрым учурда бошотууга уруксаат берсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ленин айыл өкмөтүнүн башчысы К.С. Бековага жүктөлсүн.
Ленин айылдык Кеңешинин төрага: | А. Шевченко |