Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-февралы № 164/34-XXVII
Кварталдык жана үй комитеттери жѳнүндѳ
Ленин айыл ѳкмѳтүнүн экономика жана статистика боюнча адиси А.С.Абибекованын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, квартал жана үй комиттери ѳздѳрүнѳ тиешелүү аймактагы коомчулуктун экологиялык, ѳрт, санитардык, эпидемиологиялык коопсуздугун жана коомдук тартипти кѳзѳмѳл жүргүзүү максатында Ленин айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ленин айыл аймагы боюнча квартал жана үй комиттери жѳнүндѳ жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
Ленин айыл аймагынын квартал жана үй комиттери тизмесинин тиркемеге ылайык бекитилсин.
Кварталдык жана үй комитеттеринин ишмердүүлүгүн кѳзѳмѳлдѳѳ жеке жоопкерчилик статистика жана экономика боюнча адис А.С.Абибековага жүктѳлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ленин айылдык Кенешинин башчысы К.С. Бековага жүктѳлсүн.
Ленин айылдык Кеңешинин төрага: | А. Шевченко |