Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 19-февралы № 166/34-XXVII
Ленин айыл аймагынын дин боюнча коомдук комитети жѳнүндѳ
Ленин айыл ѳкмѳтүнүн экономика жана статистика боюнча адиси А.С.Абибекованын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, аймакта дин боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана коомдук тартипти, этностор аралык толеранттуулукту камсыз кылуу ошондой эле коомчулуктун стабилдүү ѳнүгүүсүнѳ ар тараптан кѳмѳк кѳрсѳтү максатында, Ленин айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленин айыл аймагында дин боюнча коомдук комитет түзүлсүн.
2 Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленин айыл аймагынын дин боюнча коомдук комитети жѳнүндѳ жобо бекитилсин.
3. Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленин айыл аймагынын дин боюнча коомдук комитети жѳнүндѳ жобосу жана ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнѳ караштуу жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигин вебсайтына www.gamsumo.kg жарыялансын.
4. Бул токтомдун жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун Ленин айыл аймагынын дин боюнча коомдук комитети жѳнүндѳ жобосунун официалдуу жарыяланышы, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизилиши боюнча кѳзѳмѳлдѳѳ жеке жоопкерчилик статистика жана экономика боюнча адис А.С. Абибековага жүктѳлсүн.
5 Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ленин айылдык Кенешинин башчысы К.С. Бековага жүктѳлсүн.
Ленин айылдык Кеңешинин төрага: | А. Шевченко |