Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги III сессиясынын
2021-жылдын 27-июлу № 24
«МТС» муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата сметасын бекитүү жана алты айда аткарган иштери, күзгү оруп-жыюуга карата айыл чарба техникаларынын даярдыгы тууралуу жетекчисинин маалыматын угуу
“Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Баатырбек уулу Аскардын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ :
“МТС” муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата түзүлгөн сметасы бекитилсин.
«МТС» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Касымбеков Алтынбектин 2021-жылдын алты айында жүргүзгөн иши боюнча маалыматы угулгандыгы белгиленсин.
Күзгү оруп-жыюуга карата айыл чарба техникаларын толук кандуу даярдоо жана элге үзгүлтүксүз кызмат көрсөтүү боюнча иш-аракеттерди алып баруу жагы «МТС» муниципалдык ишканасынын жетекчиси А. Касымбековго милдеттендирилсин.
Жатка жана прессподборщик менен кызмат көрсөтүүдө экинчи кварталдын жыйынтыгы боюнча жүйөөлүү себептер менен аз көрсөтүлгөндүгүн эске алып, үчүнчү кварталда кызмат көрсөтүү көлөмүн жогорулатуу жагы «МТС» муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Касымбековго жүктөлсүн.
«МТС» муниципалдык ишканасына Каргалык айыл өкмөтүнүн карамагындагы мурдатан бери муниципалдык реестрге киргизилбей келе жаткан техникаларды өткөрүп берүү жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге жүктөлсүн.
Бул токтомду аткарууну камсыз кылуу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Е.Кашкариевага милдеттендирилсин.
Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
Бул токтомду көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Баатырбек уулу Аскарга тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин Төрагасы: | Т. Токтоболотов |
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVIII чакырылышынын)
кезектеги III сессиясынын №24 токтомуна №1 тиркеме
27.07.2021-ж
Каргалык МТС муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата түзүлгөн | ||||||
СМЕТАСЫ | ||||||
Показатели | КодСтатьи | в том числе на кварталы | ||||
1 квартал | 2 квартал | 3 квартал | 4 квартал | |||
Заработная плата | 211 | 220,00 | 55,00 | 55,00 | 55,00 | 55,00 |
Основная заработная плата | 21111100 | 30,0 | 30,0 | 30,0 | 30,0 | |
Надбавки | 21111200 | 15,0 | 15,0 | 15,0 | 15,0 | |
Дополнительные выплаты и компенсации | 21111300 | 10,0 | 10,0 | 10,0 | 10,0 | |
Взносы/отчисления на социальные нужды | 2121 | 55,40 | 14,00 | 14,20 | 14,20 | 13,00 |
Страховые взносы в Пенсионный фонд, Фонд ОМС, Фонд оздоровления трудящихся | 21211100 | 1,0 | 1,2 | 1,2 | 1,0 | |
Страховые взносы в Пенсионный фонд, Фонд ОМС, Фонд оздоровления трудящихся | 21211200 | 13,0 | 13,0 | 13,0 | 12,0 | |
Командировочный расход | 2211 | 56,00 | 25,00 | 0,00 | 31,00 | 0,00 |
Транспортные расходы | 22111100 |
| 7,0 | 0,0 | 9,0 | 0,0 |
|
|
|
|
|
| |
Гостиничные расходы | 22111200 |
| 12,0 | 0,0 | 14,0 | 0,0 |
Суточные расходы | 22111300 |
| 6,0 | 0,0 | 8,0 | 0,0 |
Транспортные расходы | 2214 | 378,00 | 212,00 | 64,00 | 64,00 | 38,00 |
Бензин, дизель и прочее топливо | 22141100 |
| 12,0 | 14,0 | 14,0 | 13,0 |
Приобретение запасных частей | 22141200 |
| 200,0 | 50,0 | 50,0 | 25,0 |
Прочие расходы | 2215 | 244,62 | 97,20 | 47,76 | 59,76 | 39,90 |
Прочие расходы, связанные с оплатой прочих услуг | 22154900 |
| 97,2 | 47,8 | 59,8 | 39,9 |
Приобретение товаров и услуг | 222 | 40,00 | 0,00 | 20,00 | 20,00 | 0,00 |
Прочие приобретение предметов и материалов для текущих хозяйственных целей | 22221200 |
| 0,0 | 20,0 | 20,0 | 0,0 |
ИТОГО текущих расходов |
| 994,02 | 403,20 | 200,96 | 243,96 | 145,90 |
ВСЕГО |
| 994,02 | 403,20 | 200,96 | 243,96 | 145,90 |
Каргалык МТС муниципалдык ишканасынын дирктору: | А. Касымбеков |