Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги III сессиясынын
2021-жылдын 27-июлу № 25
Каргалык айыл аймагынын “Жайыт” комитетинин 2021-жылга карата жайыттарды пайдалануунун планын, сметасын, тарифин бекитүү жана Жайыт пайдалануучуларга 2021-жылга эсептелген жана 2020- жылда өндүрүлбөй калган жайыт акыларын өндүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу
“Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Баатырбек уулу Аскардын жогоруда каралып жаткан маселе боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2,1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Каргалык айыл аймагынын “Жайыт” комитетинин жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча 2021-жылга карата бир жылдык иш планы, сметасы жана жайыт жерлерди пайдалануу боюнча келишими тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.2021-жылга жайыт пайдалануу үчүн акы төлөөнүн өлчөмдөрү:
- ири мүйүздүү малга – 50 сом;
- жаш бодого – 35 сом;
- кой, эчкилерге – 10 сом;
- жылкыга – 50 сом.
Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагына башка райондордон, айыл аймактардан келип жаткан малга келишим боюнча: ири мүйүздүү малга – 80 сом, кой-эчкилерге – 20 сом, жылкыга – 80 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн аймагына караштуу чөп чабынды, айдоо аянттарын коруп, малга талатып жибербөө үчүн, корук 2021-жылдын 1-апрелинен башталып, күзгү жайыт мезгили ушул эле жылдын 15-ноябрында аяктасын. Айылдарда жана көчө-көчөлөр боюнча бадалар уюштурулуп, айыл ичинде ар бир кожолукта эки баштан ашык уй кармалбасын.
4. Каргалык айыл аймагындагы үч жүздөн ашык кой, элүүдөн ашык уй, элүүдөн ашык жылкысы бар чоң фермерлерди жана көп мал алып баккан бадачыларды алыскы Ак-Козунун белине, Кылдоонун белине, Бычан, Миң-Жылкы жайлоосуна чыгаруу колго алынсын.
5. Менчиктин түрүнө карабастан табигый эгилме жайыт жерлерин которуштуруп пайдалануу талабына ылайык тыныктырууга бөлүнгөн жайыттарга мөөнөтүнөн мурда конууга, мал жаюуга, ошондой эле айдоо аянттарын тийиштүү уруксат албастан мал айдап, ар кандай техникалардын түрлөрү менен тебелетип өтсө, жазында көрсөтүлгөн мөөнөттө көчүп кетпесе, 15-октябрдан мурун көчүп келип графикти, ички тартип эрежелерин бузса Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндөгү Кодексинин талаптарына жана жайытты убактылуу пайдаланууга берүү жөнүндөгү келишимге ылайык эскертилсин жана айып салынсын.
6. Тоют топтоо маалында жайыт жерлери коммерциялык максатта пайдаланылбасын, тактап айтканда, чөптү ашыкча чаап алып сатууга жол берилбесин жана көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин төрагасы Т.Абдырахмановго милдеттендирилсин.
7. Жайыт пайдалануучулардын келишиминин негизинде 2020-жылдын жайыт акыларын өндүрүү жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Т.Абдырахманов тарабынан талапка ылайык жүргүзүлбөй келгендиги белгиленсин.
8. Жайыт пайдалануучулардан келишимдин негизинде 2020-жылдан өңдүрүлбөй калган жайыт акыларын өндүрүү боюнча III квартал ичинде күчөтүлгөн тартипте иш алып баруу жагы Жайыт комитетинин төрагасы Т.Абдырахмановго милдеттендирилсин.
9. 2021-жылга ар бир жайыт пайдалануучулар менен келишим түзүлүп, жылдын жыйынтыгы менен жайыт акыларын төлөбөй келген жайыт ээлерин келишимдин негизинде тиешелүү органдарга берип, 2021-жылдагы жайыт акыларын өндүрүү жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Т.Абдырахмановго милдеттендирилсин.
10. Жайыт комитетинин курамына айылдык кеңештин депутаттарынан: Баатырбек уулу Аскар, Азизбек уулу Нурбек жана Жээналиев Майрамбек Макеновичтер мүчө болуп киргизилсин.
11.Бул токтомду аткаруу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге, Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Т.Абдырахмановго, Казарман айылынын айыл башчысы С.Кыдырбаевге, Чет-Булак айылынын айыл башчысы Д.Асанбековго, участкалык инспектор С.Буйлашовко, жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрү Ш.Садыкбаевге, М.Турдубековго милдеттендирилсин.
12.Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-
сайтына жарыялансын.
13. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Баатырбек уулу Аскарга тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин Төрагасы: | Т. Токтоболотов |
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVIII чакырылышынын)
кезектеги III сессиясынын №25 токтомуна №1 тиркеме
27.07.2021-ж
“Макулдашылды ”“Бекитемин”
Каргалык айылдык кенешининКаргалык айыл өкмөтүнүн башчысы
төрагасы:__________Т.Токтоболотов_______________Э.Артыкбаев.
Бюджет 2021-жыл
|
| Малдын туру | Саны ШМБ | Баасы | Сумма | Жайытка чыга турган ШМБ | Сумма |
| |||||
| 1 | Ири муйуздуу мал | 6845 | 50 | 347250 | 6800 | 340000 |
| |||||
|
| Ири муйуздуу жаш мал | 1925 | 35 | 67375 | 1147,5 | 40145 |
| |||||
| 3 | Жылкы | 3382 | 50 | 174100 | 3372 | 168600 |
| |||||
| 4 | Кой | 12704 | 10 | 127040 | 2540 | 25400 |
| |||||
| 5 | Эчки | 2915 | 10 | 29150 | 586 | 5855 |
| |||||
|
| Баардыгы | 12269 | Х |
| 8328 | 580000 |
| |||||
| Иш чаранын аталышы | Аткаруу мөөнөтү | Жалпы сумма(сом) |
| |||||||||
| Кирешелер бөлүгү |
| |||||||||||
| 1 | Жайыт пайдалануучулардын жайыт пайдалангандыгы учун толонуучу акча каражаттары. | Жайыт акыларын оз убагында чогултуу | 580000 |
| ||||||||
| Жалпы |
| 580000 |
| |||||||||
|
|
|
|
|
| ||||||||
| Чыгашалар бөлүгү |
| |||||||||||
| 1 | Жер салыгы | Жыл бою | 42000 |
| ||||||||
| 2 | Жайыттардын инфрструктурасын жакшыртуу | Жыл бою | 217414 |
| ||||||||
| 3 | Жайыт комит-нин торага-н эмгек акысы | Жыл бою | 95700 |
| ||||||||
| 4 | Жайыт комит-ин бухгал-н эмг. ак-ы | Жыл бою | 93960 |
| ||||||||
|
| Социалдык фондко чегеруу | Жыл бою | 25926 |
| ||||||||
| 6 | Кунумдук чыгымдар | Жыл бою | 30000 |
| ||||||||
| 7 | Сапар чыгымдары | Жыл бою | 10000 |
| ||||||||
| 8 | Жайыт ассоциация-н мучолук ак-ы | Бир жылга | 3000 |
| ||||||||
|
| Маниторин жайыт | Бир жылга | 2000 |
| ||||||||
|
| ГСМ | Бир жылга | 60000 |
| ||||||||
|
| Жалпы: |
| 580000 |
| ||||||||
Жайыт комитетинин төрагасы: | Т. Абдырахманов | ||||||||||||
Жайытты пайдалануунун жылдык планы
Жайыт комитетинин 2021- жылга планы
№ | Жыл ичинде аткарылуучу иш аракеттер | 1 | 2 | 3 | 4 | 5 | 6 | 7 | 8 | 9 | 10 | 11 | 12 | Ким жооптуу |
1 | ЖБП 2021-жыл учун бюджетин тузуу жана бекитуу | х | ЖК төрагасы | |||||||||||
2 | Жайыттарды инвентаризациялоо жана абалын баалоо | х | х | х | х | х | Айыл округу Жайыт комитети | |||||||
3 | Айыл округундагы малдын санын тактоо | Х | Х | Х | Х | Х | х | х | Жайыт комитети | |||||
4 | Жайыт пайдалануучулардын жайыт акысын чогултуу | Х | Х | Х | Х | Х | Х | Х | Х | Жайыт комитети | ||||
5 | Малдарга ветеринардык эмдоо иштерин уюштуруу жана жургузуу | Х | Х | Х | Х | Х | Х | Х | Х | Жайыт комитети | ||||
6 | Малчыларды жайыттарга кочуп конуу иштерин уюштуруу | Х | х | Жайыт комитети | ||||||||||
7 | Жайыттардын инфраструктураларын жакшыртуу учун талдоо жургузуу | Х | Х | Х | Х | Х | Айыл округу Жайыт комитети | |||||||
8 | Жайыттардын инфрструктураларын жакшыртуу | Х | Х | Х | Х | Х | Айыл округу Жайыт комитети | |||||||
9 | Малдын ден-соолугун коргоо комитетин тузуу | х | Жайыт комитети | |||||||||||
10 | 2021-жылда аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгаруу жана 2022-жылга иш планды тузуу | Х | Жайыт комитети |
Түзгөн: | Т. Абдырахманов |
Жайыт инфраструктурасын жакшыртуунун 2021- жылга планы
Участок | Иш-чара | Аткаруу мөөнөтү | Иш-чаранын бюджети | Жооптуу лар | Факт боюнча аткарыл гандыгы тууралуу белги |
Макмал жайлоосу | Жол ондоо | 2021 | 20 000 | ОПП Каргалык | Май-июнь |
Каргалык, Айры-Таш, Ой -Кайын. | Жалпы мал айдап өтүүчү ашуу жайыт жолдорун ондоо | 2021 | 15 000 | ОПП | Май-август |
Макмал жолуна | Шагыл төгүү, кеңейтүү. | 2021 | 50 000 | ОПП | Май, июнь |
Кең-Кырчын | Сүздүрүү | 2021 | 50 000 | ОПП | Август |
Чотуке | Кеңейтүү, сүздүрүү | 2021 | 20 000 | ОПП | Май |
Алдаке | Кеңейтүү, сүздүрүү | 2021 | 30 000 | ОПП | Май |
Ичке-Суу | Кеңейтүү,суу өткөрүү,трубаларын коюу | 2021 | 50 000 | ОПП, Каргалык айыл өкмөтү |
Август |
Даярдаган: | Т. Абдырахманов |