Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги III сессиясынын
2021-жылдын 27-июлу № 26
Казарман, Чет-Булак айылдарынын Таза суу менен
тейлениши боюнча жетекчилеринин маалыматын угуу
Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Жээналиев Майрамбек Макеновичтин Казарман, Чет-Булак айылдарынын Таза суу менен тейлениши боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2,1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Казарман айылынын Таза суу менен тейлениши боюнча жетекчисинин маалыматы угулгандыгы белгиленсин.
2. Казарман Таза суусуна Каргалык айыл өкмөтүнөн 300,0 миң сом субсидия бөлүнгөндүгү жана мунун ичинен Казарман Таза суусуна керектелүүчү тетиктерге жумшалган 112,0 миң сом акча каражаты базар баасынан жогору болгондугу белгиленсин.
3. Казарман Таза суусунун жетекчиси Арзыбек уулу Нурланга бөлүнгөн акча каражатын ашыкча пайдалангандыгы үчүн тиешелүү чара көрүү жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге тапшырылсын.
4.“Чарабай” участкасындагы элге суунун жеткирилиши боюнча комиссия түзүлүп, “Чарабай” Таза суусуна мониторинг жүргүзүү жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
5. Чет-Булак Таза суусунун жетекчиси жок болгондугуна байланыштуу Чет-Булак айылынын айыл башчысы Асанбеков Дастандын Таза суу боюнча маалыматы угулгандыгы белгиленсин.
6. Бүгүнкү күндө Чет-Булак айылында таза суу боюнча жетекчиси, тиешелүү адистери жок болгондугуна байланыштуу элди таза суу менен жеткиликтүү камсыз кыла албай жаткандыгы белгиленсин.
7. Чет-Булак Таза суусуна тез арада керектүү курулуш материалдарын алууга зарыл болуп жаткан 75,0 миң сом акча каражатын он күндүк мөөнөттө ички булактардан таап каржылап берүү жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Е.Кашкариевага милдеттендирилсин.
8. Казарман, Чет-Булак Таза суу боюнча баланста туруп мурдатан бери өткөрүлбөй келген шаймандарды бир айлык мөөнөттө өткөрүп берүү жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге тапшырылсын.
9. Жогорудагы кемчиликтерди жоюу максатында таза суунун уставдарын иштеп чыгып, жетекчилерин бекитип берүү жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге тапшырылсын.
10. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
11.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы “Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Жээналиев Майрамбек Макеновичке тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин Төрагасы: | Т. Токтоболотов |