Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги III сессиясынын
2021-жылдын 27-июлу № 27
№8 М.Абдыжапаров атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин директору Н.Орунбаеванын кайрылуусу жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишмердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Дүйшөбаев Нурландын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.15.06.2021-жылдагы №54 болуп катталган М.Абдыжапаров атындагы орто мектебинин директору Н.Орунбаеванын кайрылуу катында көрсөтүлгөн акча каражаты “Мектеп тармагынын” 3111 курулуш беренесиндеги Макмал орто мектебине каралган 216,8 миң сом акча каражатынан 204,9 миң сом акча каражаты М.Абдыжапаров орто мектебинин муктаждыгына жылдырылып берилсин.
2. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
4.Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин Төрагасы: | Т. Токтоболотов |