Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги III сессиясынын
2021-жылдын 27-июлу № 28
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын
21-майындагы №249-катында суралган
өздүк салым боюнча
Каргалык айылдык кеңешинин «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишмердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Дүйшөбаев Нурландын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын муктаждыгына керектелүүчү МТЗ-82 үлгүсүндөгү Беларусь техникасына ковшасын жана өзү көтөрүп төгүүчү телешкасын алуу максатында “Башкаруу тармагынын” 3111 курулуш беренесинде каралган өздүк салымдан 3112 машина жабдууларды алуу беренесине ковша жана телешка сатып алуу үчүн 392,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин Төрагасы: | Т. Токтоболотов |