Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги III сессиясынын
2021-жылдын 27-июлу № 29
Каргалык айыл аймагындагы “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин” аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун Уставына өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин” аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун Уставын карап чыгып, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун Уставы өзгөртүү, толуктоолору менен бекитилсин.
2.Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун Уставы өзгөртүү, толуктоолору менен бекитүү жөнүндөгү токтому Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 25-мартындагы №184 токтому менен бекитилген “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын ченемдик укуктук актыларын каттоонун тартиби жөнүндөгү” типтүү Жобосуна ылайык кайрадан каттоодон өткөрүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жана кайрадан Жалал-Абад областынын юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Каргалык айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Т.Абдырахмановго жүктөлсүн.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
5 Бул токтомду көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Баатырбек уулу Аскарга тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин Төрагасы: | Т. Токтоболотов |