Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги III сессиясынын
2021-жылдын 27-июлу № 31
Каргалык айыл өкмөтүнүн 22.07.2021-жылдагы №394 эксковатор погрузчик тууралуу катын кароо жөнүндө
Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Артыкбаев Эмилбек Артыкбаевичтин Каргалык айыл аймагына эксковатор погрузчик техникасын алуу долбоору боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Каргалык айыл аймагына “Амкадор 702 ЕА” маркасындагы эксковатор погрузчик техникасын алуу долбоору Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2 Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
4 Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин Төрагасы: | Т. Токтоболотов |