Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги III сессиясынын
2021-жылдын 27-июлу № 32
Тогуз-Торо районунун «Ардактуу атуулу»номинациясына сунуштоо жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымынын орун басары Мамбеталиева Рада Рысалиевнанын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Тогуз-Торо районунун тургуну, спорттун бир нече жолку чемпиону Күйкеев Азизбек Турганалиевич Тогуз-Торо районунун “Ардактуу атуулу” номинациясына сунушталсын.
2. Көп жылдык үзүрлүү эмгеги, тармакты өнүктүрүүгө кошкон зор салымы жана коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын тургуну, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын “Ардак белги” төш белгисинин ээси Орозов Нуркалил Масыракунович Тогуз-Торо районунун “Ардактуу атуулу” номинациясына сунушталсын.
3. Бул сунушту колдоп берүү жагы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге жүктөлсүн.
6. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамыровага тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин Төрагасы: | Т. Токтоболотов |