Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезектеги III сессиясынын
2021-жылдын 27-июлу № 33
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата жергиликтүү бюджетинин коомдук угууда каралган болжолдуу долбоору жөнүндө
Каргалык айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Кашкариева Еломиранын Каргалык айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата жергиликтүү бюджетинин коомдук угууда каралган болжолдуу долбоору жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата жергиликтүү бюджетинин коомдук угууда каралган болжолдуу долбоору жактырылсын.
2.Каргалык айыл өкмөтүнүн 2022 - жылга бюджетине кошумча киреше булактарын табууга жана толуктоого карата Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагындагы иш жүргүзүп жаткан ишканалардан; Билайн, Ошка, Мегаком мобилдик станцияларынан, “Тагай” участкасындагы таштанды төгүүчү жайдан жана акиташ, туз, кызыл кум, шагыл, топурак алынуучу карьерлерден жана башкалардан мыйзамдын талабына ылайык айыл өкмөтүнүн киреше тармагына түшүүчү салыктын түрлөрү такталып, 1 000 000,0 (бир млн) сом акча каражатын бюджетке түшүрүү жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге, ФЭБ башчысы Е.Кашкариевага, салык башчысы Т.Акматовага, жер адиси У.Матиевге, юрист А.Абдыманбетовго жана экономист-статист М.Токталиевага милдеттендирилсин.
3.Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаевге жана Каргалык айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Кашкариева Еломирага милдеттендирилсин.
5 Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин Төрагасы: | Т. Токтоболотов |
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVIII чакырылышынын)
кезектеги III сессиясынын №33 токтомуна №1 тиркеме
27.07.2021-жыл
Каргалык айыл аймагынын Казарман айылынын эли менен болгон коомдук угуунун
ПРОТОКОЛУ
Чогулуштун башчысы: | Артыкбаев Э. |
Катчысы: | Рыспаев Н. |
Күн тартибиндеги маселе:
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу долбоорун кароо
Угулду:
Чогулуштун башчысы, Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Артыкбаев жыйынды ачып, күн тартибиндеги каралуучу маселе жана жыйындын регламенти бекитилди. Күн тартибиндеги маселе боюнча Каргалык айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Е.Кашкариева тааныштырды.
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 126-беренесине ылайык жана бюджеттик маалыматтын ачык- айкындуулугун, жарандардын бюджетти тузууго катышуу, аны тузуу жонундо кенири маалымат берди.2022-жылга карата бюджеттин долбоору атайын даярдалган банер жана слайд аркылуу тааныштырылды.Бул документтер жергиликтуу бюджеттик ачык-айкындуулугун камсыз кылуу учун жарандык бюджет интернет аркылуу корсотулду.
Анда жалпы Каргалык айыл окмотунун киреше болугу болжоолду 41939,7 мин сом, мунун ичинен киреше салыгы 28425,3 мин сом, патент салыгы 900,9 мин сом, айыл чарба багытына арналбаган жер салыгына 4302,3 мин сом, айыл чарба жерлерин пайдалануудан тушкон салык 162,8 мин сом, огород салыгынан 169,4 мин сом, кыймылсыз мулк салыгы 1336,1 мин сом, кыймылдуу мулк салыгы 1204,3 мин сом, АЧЖМФдин ижара салыгы 163,7 мин сом, жайыттарды пайлангандыгы учун салык 580,0 мин сом, лицензия салыгы 2561,3 мин сом, атайын каражат салыгы 1778,3 мин сом, таштанды чыгаруу 45,0 мин сом, роялти 47,8 мин сом башка кирешелер инфр.онук. салык 1433,3 мин сом. Ал эми жалпы чыгаша болугу 41939,7 мин сом, мунун ичинен башкаруу тармагына 24565,4 мин сом, экономикалык маселелер 580,0 мин сом, маданият тармагы боюнча 962,4 мин сом, билим беруу тармагы боюнча 15831,9 мин сом. Мындан сырткары былтыркы жылдын бюджетине кирбей калган кайрылууларды дагы эске алып долбоорго киргизилди.
Долбоор боюнча кайрылган элдердин сунуштары:
Чыгып сүйлөгөндөр:
Ж.Казыбаев – Нур-Жайык шаарчасынын 11,12,13,14-үйлөрүнүн алдына балдар ойноочу аянтча куруу керек. Башка жактарда бир аз бар, ал эми ушул үйлөрдүн алдында таптакыр эле жок. Анан Жусупбеков Алтынбек көчөсүнө асфальт төшөш керек.
Масирова К – Нур-Жайык шаарчасында автоунаалар үйлөрдүн алдына токтоп, балдар ойной турган аянттарды ээлеп жатышат. Башка жерге автостоянка курсак бул маселе чечилмек жана автостоянкадан бюджетке каражат түшүп турмак.
Мурзакимов Ж – Ак-Күп каналынан суу алуучулар жер салыгын сугат жер боюнча төлөп жүрүшөт. А каналда суу жок. Ошол каналдын головной сооружениесин жасаш керек. Ага 1 миллион сом жетет.
Токтоболотова Н – Автостоянканы мен дагы айтайын дегем, азыр да кошумчалап кетейин. Ошондой эле айылда тротуар дээрлик жокко эсе. Нур-Жайыкта балдар ойноочу аянттар жетишсиз.
Ясынов Б -кочолорду ондоо жана жарыктандыруу керек жана ичуучу таза сууну долбоорго сунуштаныздар.
Кылычов Н – Жаңыбаева орто мектебиндеги футбол аянтын оңдоо керек.
Мелисов Н – Спортчуларды колдоого алсаңыздар. Ошондой эле көк-бөрүчүлөргө көңул буруп, ар кандай мелдештер өткөрүлгөндө каражат бөлүп турсаңыздар.Ошондой эле долбоорго тиешеси жок коптогон сунуш пикирлер тушуп, жеринен жооп берилди.
Жогорудагы айтылган сунуш пикирлерди угуп жана талкуулап Каргалык айыл аймагынын жамаатынын жалпы чогулушу
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл окмотунун 2021-жылдагы бюджетинин долбоору талкуулангандыгы белгиленсин.
2. Жыйында айтылган сунуш пикирлер эске алынсын жана алар боюнча иш алып бару жагы Каргалык айыл окмотунун башчысы Э.Артыкбаевге милдеттендирилсин.
Чогулуштун башчысы: | Артыкбаев Э. |
Катчысы: | Рыспаев Н. |