Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (XXVIII чакырылышынын) кезексиз II сессиясынын
2021-жылдын 26-майы № 12
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын типтүү Этикалык кодексин талкуулоо жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы Мамырова Каныш Мөкүшовнанын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2,1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Каргалык айылдык кеңешинин депутаттарынын катышуусунда “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын типтүү Этикалык кодекси” талкууга алынгандыгы белгиленсин.
2. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ж.Тотуевге жүктөлсүн.
4.Бул токтомду көзөмөлдөө “Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча” туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамыровага тапшырылсын.
Каргалык айылдык Кеңешинин Төрагасы: | Т. Токтоболотов |