Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVIII чакырылышынын) кезексиз II сессиясынын
2021-жылдын 26-майы № 13
2021-жылга карата Каргалык айылдык кеңешинин иш планынбекитүү жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин 2021-жылга карата түзүлгөн иш планы боюнча Каргалык айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Ж.Акматованын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айылдык Кеңешинин алдында түзүлгөн туруктуу комиссиялардын 2021-жылга карата түзүлгөн иш пландары бекитилсин.
2. Каргалык айылдык Кеңешинин 2021-жылга карата түзүлгөн иш планы бекитилсин.
3.Каргалык айылдык Кеңештин алдында түзүлгөн туруктуу комиссиялардын төрагаларына жана мүчөлөрүнө айылдык Кеңештин Регламентиндеги туруктуу комиссиялардын ыйгарым укуктары жөнүндөгү бөлүмдө көрсөтүлгөндөр боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Айылдык Кеңештин иш планында коюлган маселелерди даярдап, сессияга алып чыгуу жагы айылдык Кеңештин туруктуу комиссияларына, Каргалык айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерине, мектептин директорлоруна, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлоруна жана тиешелүү мекеме - ишканалардын жетекчилерине жүктөлсүн.
5. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
6.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ж.Тотуевге милдеттендирилсин.
7. Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы Т.Токтоболотовго тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Т. Токтоболотов |
Бекитем
Каргалык айылдык кеңешинин
төрагасы________________Р.Токтоболотов
2021-жылдын 26- майы Каргалык айылдык кеңешинин
(XXVIII чакырылышынын) кезексиз II сессиясынын № 13 токтомуна № 1 тиркеме 26.05.2021-ж.
2021-жылга карата Каргалык айылдык кеңешинин иш планы
№ | Туруктуу комиссиянын отуруму, сессия | ТК отуруму, сессия | Каралуучу маселелер | Айыл өкмөтүнөн аткаруучу жооптуу адам | Аталган маселе боюнча жооптуу айылдык кеңештин туруктуу комиссиясы | Натыйжа | Жарандардын ЖӨБга катышуу сунун формалары (“ЖӨБ жөнүндө” КР Мыйзамынын 7-беренеси) |
| АКнын туруктуу комиссиясынын отуруму
Айылдык кенештин сессиясы | 2-квартал
| 1. Каргалык айылдык кеңешинин Регламентин бекитүү жөнүндө
2.Каргалык айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын жана Каргалык айылдык кеңешинин 2021-жылга карата түзүлгөн иш пландарын бекитүү жөнүндө. 3.Депутаттарды “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын типтүү Этикалык кодекси” менен тааныштыруу. 4. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата стратегиялык өнүгүү программасын жана Каргалык айыл аймагынын 2021-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программасын бекитүү жөнүндө. 5. Каргалык айыл аймагынын “Жайыт” комитетинин 2021-жылга карата жайыттарды пайдалануунун жылдык планын, сметасын жана тарифин бекитүү жөнүндө.
6. Каргалык айыл өкмөтүнүн “МТС” муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө. 7. Каргалык айыл өкмөтүнүн “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө.
|
А/ өкмөт баш-нын орун басары
Жайыт комитетинин башчысы
МТСтин жетекчи- си
|
Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары
Мыйзамдуулук, укук, депутат- тык этика, мандат, регла-мент, маданият жана социалдык маселелер б-ча туруктуу ком-сы
Айыл чарбасы, жерги-түү өз ал-ча башка-ну өнүк-рүү, жал-га маа-доо кара-ры, жаштар, спорт ж-а коомдук уюм-дын тур-туу комиссиясы.
| Туруктуу комиссиянын корутундусун кабыл алуу ж/а АК токтом долбоорлорун маалымат такталары, интернет сайттарга алып чыгуу тууралуу жооптуу катчыга дайындоо | АК сессияларынажарандардынжана башка кызыктар адамдардын катышуусу |
| АКнын туруктуу комиссиясынын отуруму
Айылдык кеңештин сессиясы | 3-квартал | 1. Каргалык айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө. 2.Каргалык айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнүн башчысынын 2021- жылдын 6 айында бюджеттин киреше, чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы тууралуу отчуту. 3.Каргалык айыл өкмөт башчысынын 2021-жылдын алты айында аткарган иштери тууралуу отчету. 4. «МТС» муниципалдык ишканасынын алты айда аткарган иштери, күзгү оруп-жыюуга карата айыл чарба техникаларынын даярдыгы тууралуу жетекчисинин маалыматын угуу. 5. Жайыт пайдалануучуларга 2021-жылга эсептелген жана 2020-жылда өндүрүлбөй калган жайыт акыларын өндүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу. 6.Казарман, Чет-Булак айылдарынын Таза суу менен тейлениши боюнча жетекчилеринин маалыматын угуу. |
ФЭБ башчысы
Айыл өкмөт башчысы, тиешелүү адистери менен
МТСтин жетекчиси
Жайыт комитетинин башчысы
Казарман, Чет-Булак Таза суу МИнын жетек-ри | Бюджет, экономика, инвестиция, муниципиалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы
Айыл чарбасы, жерги-түү өз ал-дынча башка-рууну өнүктүрүү, жал-га маа-доо каражат-ры, жаштар, спорт жана коомдук уюмдардын туруктуу комиссиясы
Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият ж-а соци-дык масе-р б-ча тур ком-сы |
Туруктуу комиссиянын корутундусун кабыл алуу ж/а АК токтом долбоорлорун маалымат такталары, интернет сайттарга алып чыгуу тууралуу жооптуу катчыга дайындоо |
АК сессияларынажарандардынжана башка кызыктар адамдардын катышуусу |
| АКнын туруктуу комиссиясынын отуруму
Айылдык кеңештин сессиясы | 4-квартал
| 1.Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын 2021-жылдын тогуз айында аткарган иштери тууралуу маалыматын угуу.
2.Каргалык айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата бюджетин жана штат бирдигин бекитүү.
3.Каргалык айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата стратегиялык өнүгүү программасын бекитүү жөнүндө.
4.Макмал Голд компаниясынын келишимдерин кароо; соцпакетти, №1 калдык сактоочу жайынын убактылуу рекультивация боюнча жүргүзүлгөн иштеринин жыйынтыгын кароо. | Айыл өкмөт башчысы, тиешелүү адистери менен
ФЭБ башчысы
Айыл өкмөт башчысынын орун басары
Макмал Голд компаниясынын директору жана тиешелүү адистер |
Бюджет, экономика, инвестиция, муниципиалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча» туруктуу комиссиясы |
Туруктуу комиссиянын корутундусун кабыл алуу ж/а АК токтом долбоорлорун маалымат такталары, интернет сайттарга алып чыгуу тууралуу жооптуу катчыга дайындоо |
АК сессияларынажарандардынжана башка кызыктар адамдардын катышуусу | ||
|
|
|
|
|
|
|
| ||
Каргалык айылдык кеңешинин жооптуу катчысы | Ж.Акматова |