Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVIII чакырылышынын) кезексиз II сессиясынын
2021-жылдын 26-майы № 15
Каргалык айыл аймагынын “Жайыт” комитетинин 2021-жылга карата жайыттарды пайдалануунун жылдык планын, сметасын жана тарифин бекитүү
Каргалык айыл аймагынын “Жайыт” комитетинин төрагасы Т.Абдырахмановдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2,1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Каргалык айыл аймагынын “Жайыт” комитетинин жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча 2021-жылга карата иш планы, сметасы жана тарифтери толук иштелип чыкпагандыгына байланыштуу кийинки сессияга калтырылсын.
2.Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Баатырбек уулу Аскарга тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Т. Токтоболотов |