Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (ХХVIII чакырылышынын) кезексиз II сессиясынын
2021-жылдын 26-майы № 16
Каргалык айыл өкмөтүнүн “МТС” муниципалдык ишканасынын 2021- жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Каргалык айыл өкмөтүнүн “МТС” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Касымбеков Алтынбектин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2,1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Каргалык айыл өкмөтүнүн “МТС” муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. “МТС” муниципалдык ишканасынын ишин уюштуруп, иш алып баруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн “МТС” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Касымбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ж.Тотуевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Баатырбек уулу Аскарга тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Т. Токтоболотов |