Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (ХХVIII чакырылышынын) кезексиз II сессиясынын
2021-жылдын 26-майы № 17
Каргалык айыл өкмөтүнүн “Таза кызмат”муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Каргалык айыл өкмөтүнүн “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Мурзапайызов Берадордун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2,1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2 Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б.Мурзапайызовго милдеттендирилсин.
3 Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы Баатырбек уулу Аскарга тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Т. Токтоболотов |