Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (ХХVIII чакырылышынын) кезексиз II сессиясынын
2021-жылдын 26-майы № 18
Тогуз-Торо районунун «Ардактуу атуулу» номинациясына сунуштоо жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы Мамырова Каныш Мөкүшовнанын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Саламаттыкты сактоонун өнүгүшүнө кошкон салымы, жогорку профессионалдуулугу үчүн Умаров Адина Тогуз-Торо районунун “Ардактуу атуулу” номинациясына сунушталсын.
2. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ж.Тотуевге жүктөлсүн.
4.Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамыровага жүктөлсүн.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Т. Токтоболотов |