Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVIII чакырылышынын) кезексиз II сессиясынын
2021-жылдын 26-майы № 19
М.Абдыжапаров атындагы орто мектебинен жана “МТС” муниципалдык ишканасынан кеңешке келип түшкөн кайрылууларын кароо жөнүндө
Каргалык айылдык кеңешинин «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишмердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Дүйшөбаев Нурландын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мектеп тармагында 3111 курулуш беренесинен Макмал орто мектебине каралган 100,0 миң сом акча каражаты М.Абдыжапаров атындагы орто мектебине жылдырылып берилсин.
2. Башкаруу тармагынын 3111 курулуш беренесиндеги өздүк салымдын эсебинен 2511 субсидия беренесине 146,5 миң сом акча каражаты “МТС” муниципалдык ишканасына каржылансын.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ж.Тотуевге милдеттендирилсин.
5.Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Дүйшөбаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Т. Токтоболотов |