Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (ХХXVIII чакырылышынын) кезексиз II сессиясынын
2021-жылдын 26-майы № 21
Каргалык айыл аймагындагы “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин”, “МТС” жана “Таза кызмат” муниципалдык ишканаларынын Уставдарына өзгөртүү, толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы адис-юристи Абдыманбетов Арафат Акановичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагындагы “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин”, “МТС” жана “Таза кызмат” муниципалдык ишканаларынын Уставдарына өзгөртүү, толуктоолор киргизилсин.
2. Каргалык айыл аймагындагы “Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин”, “МТС”жана “Таза кызмат” муниципалдык ишканаларынын жетекчилери Уставга өзгөртүү, толуктоону киргизүүнү Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы адис-юристи менен биргеликте иштеп чыгышсын.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Ж.Тотуевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрайымы К.Мамыровага тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Т. Токтоболотов |