Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХXVIII сессиясынын
2021-жылдын 09-апрели № 10
Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековдун жана ФЭБ башчысы Е.Кашкариеванын 2020-жыл ичинде жүргүзгөн иштери тууралуу отчету
Каргалык айылдык кеңешинин Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Даткаев Ильичбектин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Акматбековдун 2021-жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын.
2. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Е.Кашкариеванын 2021-жыл ичиндеги бюджетинин киреше, чыгаша боюнча жүргүзгөн иштери канааттандырарлык деп табылсын.
3. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жыл ичинде бюджетинин киреше бөлүгү бекитилген план боюнча 30377,7 миң сом, ал эми Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан такталган план 30377,7 миң сом болуп, 38084,5 миң сомго, же болбосо 125,4 пайызга, башкача айтканда 7713,8 миң сомго ашыгы менен аткарылгандыгы белгиленсин.
4. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жыл ичинде бюджетинин чыгаша бөлүгү план боюнча 36877,8 миң сомго бекитилип, такталган план боюнча 36877,8 миң сом, кассалык чыгым 33510,5 миң сом болуп, 90,9 пайызга аткарылгандыгы белгиленсин.
5. Жергиликтүү бюджеттердин долбоорун түзүүнүн жана бюджеттик маалыматтарды берүүнүн тартиби жана мөөнөтү боюнча бюджеттик кодекстин талаптарына ылайык иш баруу жагы финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Е.Кашкариевага милдеттендирилсин.
6. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүн толуктоого карата айыл аймактын аймагында иш жүргүзүп жаткан ишканалардан мыйзамдын талабына ылайык киреше тармагына түшүүчү салыктын түрлөрүн толуктап, тактап өз убагында түшүрүп туруу жагы айыл өкмөт башчысы М.Б.Акматбековго милдеттендирилсин.
7. Мурдагы сессиялардын токтомдорунда тендердик комиссиянын курамына депутаттардан киргизүү жагы каралгандыгына карабастан аткарылбай келгендиги көрсөтүлсүн.
8. Каргалык айылдык кеңешинин 08.02.2019-жылдагы ХХI сессиясынын №3 токтомунда “Каргалык айылдык кеңешинин токтомдорун Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүп турууга кеткен чыгымдарын өз убагында камсыз кылып туруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилгендигине” карабастан бүгүнкү күнгө чейин аткарылбай жооптуу катчынын өз чөнтөгүнөн кетип жаткандыгы белгиленсин.
9. Каргалык айыл аймагына тышкы инвестиция тартуу жагы айыл өкмөт башчысы М.Б. Акматбековго жүктөлсүн.
10. Жазгы айдап-себүү өнөктүгүнө карата айыл чарба техникалардын даярдыгы боюнча көзөмөлдөө Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Акматбековго милдеттендирилсин.
11. МТС муниципиалдык ишканасынын ишмердүүлүгүн жана насыясын өз убагында төктүрүп көзөмөлдөө жагы Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
12. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
13. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
14. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Р. Жунусакунов |