Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХXХVIII сессиясынын
2021-жылдын 09-апрели № 11
Тогуз-Торо аймактык жана Каргалык айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына талапкерлерди сунуштоо жөнүндө
Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын 2021-жылдын 29-мартындагы №280- катын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү» Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамын жана Каргалык айыл аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамдарын толуктоо үчүн сунушталган талапкерлердин тизмесин бекитип берүү жагы Борбордук Шайлоо Комиссиясынан суралсын.
2. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Ж.Тотуевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы «Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Токтоболотовго жүктөлсүн.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Р. Жунусакунов |