Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХVIII сессиясынын
2021-жылдын 09-апрели № 12
Каргалык айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 25-февралындагы №94-каты жөнүндө
“Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы У. Молдобековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.2021-жылдагы айдап-себүү, оруп жыюу жана тоют топтоо иштерине карата айыл чарба техникаларынын кызмат көрсөтүү боюнча райондук өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан иштелип чыккан норма-расценкалары бекитилсин.
2. Каргалык айыл аймагындагы талаачылык иштерине чыгуучу бардык техника ээлерине жана “МТС” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Суранчиевге ушул норма боюнча иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомду аткаруу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жана “МТС” муниципалдык ишканасынын жетекчиси А.Суранчиевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы У. Молдобековго тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Р. Жунусакунов |