Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХXVIII сессиясынын
2021-жылдын 09-апрели № 13
“МТС” муниципалдык ишканасынын 2020-жыл ичинде аткарган иштери боюнча отчету
“МТС” муниципалдык ишканасынын директору А.Суранчиевдин 2020-жылда аткарган иштери тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “МТС” муниципалдык ишканасынын директору А.Суранчиевдин 2020-жылда жүргүзгөн иши боюнча отчету негизинен канааттандырарлык деп эсептелсин.
2. “МТС” муниципалдык ишканасынын техникаларын Каргалык айыл аймагында, райондун айыл өкмөттөрүндө жана Ак-Талаа районунун “Жеңиш” айылында элге кызмат көрсөтүп иштетип келгендиги белгиленсин.
3. Каргалык айыл аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жана жакыр 78 түтүнгө 50 кг дан бекер буудай таратылып берилгендиги көрсөтүлсүн.
4. “МТС” муниципалдык ишканасынын техникалары үчүн Айыл банктан алынган кредитине 2020-жылга карата болгон карызы 1 336,0 миң сом суммасындагы акча каражаты толук төлөнүп берилгендиги белгиленсин.
5. “МТС” муниципалдык ишканасынын техникаларын жазгы айдап-себүү өнөктүгүнө карата жакшы даярдыкта алып чыгуу жагы жетекчиси А.Суранчиевге милдеттендирилсин.
6. 2021-жылга карата Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “МТС” муниципалдык ишканасынын жазгы айдап-себүү, оруп-жыюуга карата коюлган тарифтери төмөндөгүдөй болуп бекитилсин;
- жер айдоого гектарына - 1200 сом, 25 литр май,
- ар бир пресске - 14 сом майы ичинде,
- оруп-жыюу боюнча жаткага - 1400-1800 сом, 10 литр май,
- чөп чапкычка - гектарына - 1000 сом, 10 литр май,
- шакап тартканга - 1 сомдон.
7.. Бул токтомду аткаруу “МТС” муниципалдык ишканасынын директору А.Суранчиевге жана Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго жүктөлсүн.
8. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
9. Бул токтомду көзөмөлгө алуу “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы У. Молдобековго тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Р. Жунусакунов |