Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХXХVIII сессиясынын
2021-жылдын 09-апрели № 14
Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын 2021-жылдын 25-февралындагы №3-катын кароо жөнүндө
Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б.Мурзапайызовдун кайрылуусун угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Тагай” участкасындагы таштанды төгүүчү жай “Тазалык” турак-жай коммуналдык чарбасынан “Таза кызмат” муниципалдык ишканасына оперативдүү башкаруу укугу менен өткөрүлүп берилсин.
2. Казарман айылындагы ар бир тургунга бир айга таштанды чыгаруу жыйымы Каргалык айылдык кеңешинин ХХIII сессиясында кабыл алынган №18-токтомдун 1-пункту боюнча күчүндө калтырылсын.
3. “Тагай” участкасына таштанды төгүүчү райондун аймагында иш аракет жүргүзгөн бардык юридикалык жактар үчүн Каргалык айылдык кеңешинин ХХХII сессиясында кабыл алынган №26-токтомдун 1-пункту боюнча күчүндө калтырылсын.
4. Каргалык айыл өкмөтүнүн алдындагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын “Тагай” участкасындагы таштанды төгүүчү жайга ар бир автомашинадан алынуучу тариф төмөндөгүдөй болуп бекитилсин;
- жеңил автомашинанын чиркегичине - 30 сом,
- портер, спринтер автомашиналарына - 50 сом,
- ГАЗ-53, ЗИЛ автомашиналарына - 100 сом,
- КАМАЗ, ХОВО автомашиналарына - 250 сомдон.
5. Бул токтомду аткаруу жагы “Таза кызмат” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Б.Мурзапайызовго милдеттендирилсин.
6. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб- сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Р. Жунусакунов |