Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХXVIII сессиясынын
2021-жылдын 09-апрели № 16
Казарман айылын ички сугат суулар менен камсыз кылуу боюнча
Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казарман айылындагы ички арыктарга жеринен толугу менен текшерүү жүргүзүлүп, кемчиликтер боюнча иш пландар түзүлүп, Казарман айылын сугат суулары менен камсыз кылуу боюнча иш алып баруу жагы Ж. Тотуевге милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
3.Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб- сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айылдык Кеңешинин “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы У. Молдобековго тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Р. Жунусакунов |