Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХXVIII сессиясынын
2021-жылдын 09-апрели № 17
Каргалык айыл өкмөтүңүң 08.04.2021-жылдагы №173-каты боюнча беренеден беренеге жылдыруу Жөнүндө
Каргалык айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Е.Кашкариеванын маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Башкаруу тармагындагы 2215 ар түрдүү беренеден 2214 транспорттук чыгым беренесине 65,5 миң сом акча каражаты жылдырылсын.
2. Бала бакча тармагындагы 3112 инвентарь алуу беренесинен, мектеп тармагынан 2222 чарбалык буюмдарды алуу беренесине 103,1 миң сом акча каражаты жылдырылсын.
3 Бала бакча тармагынан 3112 инвентарь алуу беренесинен 3111 курулуш беренесине 238,0 миң сом акча каражаты жылдырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб- сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айылдык Кеңешинин «Бюджет,экономика,инвестиция,муниципалдык менчик,ишмердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Р. Жунусакунов |