Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХXVIII сессиясынын
2021-жылдын 09-апрели № 18
Каргалык айыл аймагынын жайыт комитетинин жана жалпы жамаатынын 06.03. жана 30.03.2021-жылдагы өтүлгөн чогулушунун протоколдорун кароо жөнүндө
Каргалык айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Абдырахманов Тынчтыкбектин маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагындагы жайыт комитетине караштуу Айры-Таш, Жалгыз-Терек, Шейтаалы-Дөбө, Чоң-Дөбөнүн желкеси, Коңур - Булак жана Ак-Жар участкаларындагы жайыт жерлерин беш жылдык мөөнөткө эс алдыруу жарыялансын.
2. Жогоруда аталган участкаларга жаз айларында бадачылардын көчүп- конуусуна тыюу салуу жагы белгиленсин.
3. Каргалык айыл аймагынын Каргалык айыл өкмөтүнүн жайыт комитети менен биргеликте бадачылардын малдын башына алына турган алымдары бодо малга - 350 сомдон, ал эми жандык малга - 70 сомдон бекитилсин.
4. Буга чейин ар жыл сайын чогулган жайыт акынын үчтөн бир бөлүгү мыйзам чегинде айыл өкмөтүнө которулуп келген болсо, быйылкы жылга карата түшүүчү бул акча каражатын жайытка кетүүчү жолдорду оңдоп-түзөө иштерине жумшоо үчүн жайыт комитетинин өзүнө калтыруу жагы белгиленсин.
5. Бул токтомду аткаруу жагы Каргалык айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Абдырахманов Тынчтыкбекке жана Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
6. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб- сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айылдык Кеңешинин “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы У. Молдобековго тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Р. Жунусакунов |