Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХXVIII сессиясынын
2021-жылдын 09-апрели № 19
Тогуз-Торо районунун мурдагы прокурору М.Конгайтиевдин 21.01.2021-жылдагы №11/2-2-42-21 –каршылык билдирүүсүн кароо жөнүндө
Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы Р.Жунусакуновдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ак Бермет” мектепке чейинки билим берүү уюму кайра жаңы уюштурулуп жана күбөлүгүндө көрсөтүлгөн даректен башка дарекке которулгандыгын эске алып, Каргалык айылдык Кеңешинин кезектеги ХХХV сессиясынын №52 токтому күчүндө калтырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб- сайтына жарыялансын.
4.Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айылдык Кеңешинин төрагасы Р.Жунусакуновго тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Р. Жунусакунов |