Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык Кеңешинин (ХХVIII чакырылышынын) кезектеги I сессиясынын
2021-жылдын 08-майы № 8
Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын түзүмүн жана курамын бекитүү жөнүндө
Айылдык кеңешинин Регламентинин 6-бөлүмүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, бул боюнча айтылган сунуштарды угуп жана талкуулап,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
I. Каргалык айылдык кеңешинин алдында төрт туруктуу комиссия түзүлсүн:
1. Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясы
2. Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясы
3. Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы
4. Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча туруктуу комиссиясы бекитилсин.
II. Каргалык айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамы жана төрагалар, анын орун басарлары төмөндө көрсөтүлгөндөй бекитилсин:
1. Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын курамы 5 депутаттан түзүлсүн:
1.Комиссиянын төрагалыгына№ 3 Жаңыбаева шайлоо округунан шайланган депутат Дүйшөбаев Нурлан Дүйшөбаевич шайлансын.
2.Комиссиянын төрагалыгынын орун басарлыгына - № 4 Аэропорт шайлоо округунан шайланган депутат Бекташов Бексултан Толбаевич шайлансын.
3.Комиссиянын мүчөлөрүнө: Атыканов Анарбек Кадыкеевич №3 Жаңыбаева шайлоо округунан, Орозова Жылдыз № 1 Чет-Булак шайлоо округунан, Керезалиев Мыйзамбек Максатбекович №2 Казарман шайлоо округунан шайланган депутаттар бекитилсин.
2. Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясынын курамы 4 депутаттан түзүлсүн:
1. Комиссиянын төрагалыгына № 2 Казарман шайлоо округунан шайланган депутат Баатырбек уулу Аскар шайлансын.
2. Комиссиянын төрагалыгынын орун басарлыгына № 3 Аэропорт шайлоо округунан шайланган депутат Казыбеков Элетбай Атырбекович шайлансын.
3. Комиссиянын мүчөлөрүнө: Турсуналиева Элмира Токтомаметовна №2 Казарман шайлоо округунан, Азизбек уулу Нурбек №3 Жаңыбаева шайлоо округунан шайланган депутаттар бекитилсин.
3. Мыйзамдуулук, укук, депутаттык этика, мандат, регламент, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын курамы 5 депутаттан түзүлсүн:
1. Комиссиянын төрагалыгына № 3 Жаңыбаева шайлоо округунан шайланган депутат Мамырова Каныш Мөкүшовна шайлансын.
2. Комиссиянын төрагалыгынын орун басарлыгына - № 2 Казарман шайлоо округунан шайланган депутат Мамбеталиева Рада Рысалиевна шайлансын.
3. Комиссиянын мүчөлөрүнө: Бакасова Нурлана Бакасовна №3 Аэропорт шайлоо округунан, Мамбеталиева Нургүл Койчуевна №2 Казарман шайлоо округунан, Токтоболотова Назгүл Рысбековна №3 Аэропорт шайлоо округунан шайланган депутаттар бекитилсин.
4.Өнөр жай, курулуш, транспорт, байланыш, экология, архитектура боюнча туруктуу комиссиясынын курамы 5 депутаттан түзүлсүн:
1 Комиссиянын төрагалыгына № 1 Чет-Булак шайлоо округунан шайланган депутат Жээналиев Майрамбек Макенович шайлансын.
2. Комиссиянын төрагалыгынын орун басарлыгына - № 2 Казарман шайлоо округунан шайланган депутат Мукашов Сталбек Мукашович шайлансын.
3. Комиссиянын мүчөлөрүнө: Курманбаева Зулфия Азимкановна №4 Жаңыбаева шайлоо округунан, Жолокеев Нурадил Турсунбекович № 2 Казарман шайлоо округунан, Рахат уулу Адилет №3 Аэропорт шайлоо округунан шайланган депутаттар бекитилсин.
III. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы | Т. Токтоболотов |