Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХXVI сессиясынын
2021-жылдын 30-декабры № 60
Эки айыл өкмөттүн ортосундагы айыл ичиндеги чек аралардын маселесин кароо тууралуу
Эки айыл өкмөттүн ортосундагы айыл ичиндеги чек аралардын маселесин кароо тууралуу Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн чеги 3000 ден ашкан калкы бар элдүү пункттарга 2009 - жылдагы он жылдык улуттук эл каттоодо (перепись население) Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан кабыл алынган токтомдун негизинде чийилген картадагы чек боюнча калтырылсын.
2. Каргалык айылдык кеңешинин 2018-жылдын 27-августундагы ХVII сессиясынын №45 токтомунун “Каргалык айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоо боюнча материалдары жана “Кыргыз мамжердолбоорлоо” мамлекеттик долбоорлоо институту тарабынан даярдалган калктуу конуштарынын чек араларын тактоо боюнча иш кагаздары чек араларды тактоодо жазылган сызык боюнча бекитилсин” деген 1-пункту кайтарылып алынсын.
3. Чек ара маселеси боюнча туура эмес чыгарылган бүтүмгө Каргалык айыл өкмөтүнүн Тогуз-Торо айыл өкмөтү менен чектешкен жеринде жашаган элдин нааразы болгон көйгөйлөрү эске алынсын.
4. Бул маселе тууралуу материалдарды тиешелүү жерлерге жөнөтүп, жообун алуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Ж.Тотуевге милдеттендирилсин.
5. Бул токтомду 2021-жылдын 1-апрелине чейин аткарууга алуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
6.Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомду көзөмөлдөө «Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы У. Молдобековго жүктөлсүн.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р. Жунусакунов |