Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХХXVII сессиясынын
2021-жылдын 18-январы № 5
Тогуз - Торо райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мал ылаңдарына эмдөө жүргүзүү жана дарылоодогу көрсөткөн кызмат акыларынын тарифин бекитип берүү жөнүндө
Тогуз-Торо райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы С.Раманкуловдун 2021-жылга жеке ветеринардык кызмат көрсөтүүлөрүнүн кызмат акыларынын прейскурантын карап, маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл аймагындагы жеке ветеринардык кызматтын мал ылаңдарына каршы эмдөө жана дарылоодо акы алып кызмат көрсөтүүдөгү сунушталган прейскурантына ылайык иш алып барууга макулдук берилсин.
2.Бул токтомду аткаруу жагы Тогуз-Торо райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы С. Раманкуловго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы У. Молдобековго тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |