Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХХXVIII сессиясынын
2021-жылдын 18-январы № 6
“МТС” муниципалдык ишканасынын 2020-жылда аткарган иштери тууралуу
“МТС” муниципалдык ишканасынын директору А.Суранчиевдин 2020-жылда аткарган иштери тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. МТС муниципалдык ишканасы тарабынан мурдагы 31 тонна буудайга кошумча 11 тонна буудайды килограммын 15 сомдон сатып, 2020-жылга карата төгүлүүчү насыясына Айыл банкка төктүрүлсүн.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн буудайдан калганы Каргалык айыл аймагындагы мүмкүнчүлүгү чектелген жана жакыр үй бүлөлөргө 50 кг дан таратылып берилсин.
3. Буудайды таратууда аталган жарандардын үйлөрүнө чейин жеткирип берүү жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду аткаруу “МТС” муниципалдык ишканасынын директору А.Суранчиевге жана Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
5. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
6. Бул токтомду көзөмөлгө алуу “Айыл чарбасы, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, жаштар, спорт жана коомдук уюмдар боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы У. Молдобековго тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |
|