Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезексиз ХХXVII сессиясынын
2019-жылдын 18-январы № 7
Салыктык эмес төлөмдөр» боюнча «Элдүү пункттардын аймагынан таштандыларды чыгаруу үчүн жыйымдын» тарифтерин бекитүү жөнүндө
Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Б.Акматбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каргалык айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан юридикалык жактын курулуш аянтына жана анда иштеген кызматкерлердин санына жараша 10-август 2018-жылдагы «Салыктык эмес төлөмдөр» боюнча Кыргыз Республикасынын Кодексинин 23-главасынын 72-беренесине жана 24-главасынын 73,75-76-беренелерине ылайык таштанды чыгаруу үчүн жыйым 100 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Каргалык айыл аймагында ишмердик жүргүзүп жаткан юридикалык жактарга таштанды чыгаруу үчүн жыйымдарга эсеп жүргүзүү Тогуз-Торо райондук мамлекеттик салык мекемесине тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб- сайтына жарыялансын.
5. Бул токтомду көзөмөлдөө Каргалык айылдык Кеңешинин «Бюджет,экономика,инвестиция,муниципалдык менчик,ишмердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге тапшырылсын
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |
|