Загрузка документа…
КАРГАЛЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каргалык айылдык кеңешинин (ХХVII чакырылышынын) кезектеги ХХXVI сессиясынын
2020-жылдын 30-январы № 57
Каргалык айыл өкмөтүнүн 30.12.2020-жылдагы №572-катын кароо жөнүндө
Каргалык айыл өкмөтүнүн 30.12.2020-жылдагы №572 катын кароо жөңүндөгү Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Каргалык айылдык кеңешинин Регламентинин 2-главасынын 2.1-пунктуна ылайык,
ТОКТОМ КЫЛА:
1. Каржы Министрлигинен келген такталган план 30370,7 мин сом болгондуктан, бекитилген план 35005,5 миң сомдон 4 634,8 миң сом кирешеден кыскартылсын.
2. Бала - бакча тармагынын жергиликтүү бюджетинен 2218 тамак-аш беренесинен 1 811,2 миң сом жана атайын каражаттан 2218 тамак-аш беренесинен 1 280,0 миң сом чыгаша бөлүгүнүн планынан кемитилсин.
3. Башкаруу тармагынын 3111 курулуш беренесинен 1 543,6 миң сом чыгаша бөлүгүнөн кемитилсин.
4. Клуб тармагынын 3111 курулуш бересинен 0,8 миң сом, 2111 эмгек акы беренесине 0,7 миң сом, 2221 социалдык төлөмдөргө 0,1 миң сом жалпы 0,8 миң сом жылдырылып берилсин.
5. Каргалык айыл өкмөтүндө өзгөчө кырдаал мезгилинде штаттык режимде иштеген муниципалдык кызматчыларга 2020-жылдын 22,28,29-марты, 4,5,7,11,12,25,26-апрели, 2,3,4-май айы иш күндөрү деп белгиленгендиктен СОVID-19 Коронавирус инфекциясынын жайылышынан улам пайда болгон кырдаалга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Эмгек Кодексинин 115-175-беренелерине ылайык “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын штаттык санынын чеги жөнүндө жана эмгек акы төлөөнүн шарттары тууралуу жергиликтүү бюджеттен үнөмдөлгөн 93,0 миң сом акча каражаты графиктин негизинде жетишинче төлөнүп берилсин.
6. Бул токтом Каргалык айыл өкмөтүнүн http://kargalyk.org.kg/ расмий веб-сайтына жарыялансын.
7. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каргалык айыл өкмөтүнүн башчысы М.Акматбековго милдеттендирилсин.
8. Бул токтомду көзөмөлдөө «Бюджет, экономика, инвестиция, муниципалдык менчик, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча» туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Даткаевге тапшырылсын.
Каргалык айылдык кеңешинин төрагасы: | Р.Жунусакунов |
|